Украина жана орус жарандары Антальяда баш кошту

Польшада бир курулуш фирмасында иштеген украиналык Адрей   Полицкий  менен Россияда музыка мугалими болуп иштеген Татьяна Ианченко бир канча убакыт мурда баш кошууну чечишкен.

1833764
Украина жана  орус жарандары Антальяда баш кошту

Антальянын Кемер районунда орус жараны Татьяна Ианченко менен украиналык Андрей Полицкий баш кошушту.

Польшада бир курулуш фирмасында иштеген украиналык Адрей   Полицкий  менен Россияда музыка мугалими болуп иштеген Татьяна Ианченко бир канча убакыт мурда баш кошууну чечишкен.

Россия жана Украинанын ортосунда 24 -  февралда башталган согуш, Полицкий жана Ианченконун баш кошуусуна тоскоол боло албады. Согуштан улам өлкөлөрүндө баш кошо албаган жуп үйлөнүү үлпөтүн Кемерде өткөрүүнү каалады. 

Жуп бал айын Кемерде өткөрүшөрүн жана андан кийин кайда жашашарына чечим чыгарышарын билдиришти. Татьяна Ианченко : "Кемерде ушундай мүмкүнчүлүк тапканыбыз үчүн жана баш кошконубуз үчүн бактылуубуз",- деди. Жуп согуштун эртерээк акырына чыгышын каалады. 

 

 



Тектеш кабарлар