"Зайтун бутагы" операциясында жаракат алган аскер шейит болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
Сириянын түндүгүндө «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПКК террордук уюмдун террористтери тарабынан жасалган абадан кол салууларда жаракат алган адис ефрейтор Хайдар Шенел дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : «13 - майда жаракат алып, ооруканага жаткырылган Шенел ооруканадагы бардык жардамдарга карабастан бүгүн шейит болду. Шейитибизге Аллахтын ырайымын, кайгылуу үй - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.