Чанаккале жана Мармаристе мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору көп сандаган иммигрантты кургакка чыгарды.

1805627
Чанаккале жана Мармаристе мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Чанаккаленин Айважык районунун жээктеринде грек элементтери тарабынан Türkiyeнин аймактык сууларына сүрүлгөн 39 мыйзамсыз мигрант кургакка чыгарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору, Айважыктын жээктеринде резина кайыктагы мыйзамсыз мигранттарды аныкташты.

Грециянын жээк коопсуздугу тарабынан түрк сууларына сүрүлгөндүгү аныкталган 39 иммигрант TCSG-28 командалык топторунун операциясында куткарылгандан кийин жээкке чыгарылды.

Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин Айважыктагы Чет элдиктерди кайра кайтаруу борборуна өткөрүлүп берилди.

Мугланын Мармарис районунда да грек элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн резина кайыктардагы 71 мыйзамсыз мигрант кургакка чыгарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин билдирүүсүнө караганда, райондун деңиз жээгинде ар кайсы убактарда желим кайыктарда мыйзасыз мигранттардын бар экени жөнүндө маалымат алынгандан кийин жээк коопсуздук топтору аймакка жөнөтүлдү.

Кызматкерлер 71 мыйзамсыз мигрантты жээк коопсуздук кемеси менен курагакка чыгарышты.

Мыйзамсыз мигранттар процедураларынан кийин Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар