Украина жана Орусия Түркиянын сунушуна канааттанганын билдирди

Эрдогандын украиндер менен орустардын мотивдерин абдан жакшы билгенине көңүл бурган Подоляк, бул сунуштун «күмөнсүз жакшы ойлонулган жана потенциалга ээ» экенин айтты.

1765499
Украина жана Орусия Түркиянын сунушуна канааттанганын билдирди

Украина Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Михай Подоляк президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Түркияга чакыруусу «жакшы ойлонулган жана потенциалдуу» сунуш экенин айтты.

Михай Подоляк РБК Украинага берген маегинде президент Эрдогандын аймактагы абалды абдан жакшы түшүнгөнүн айтты.

Эрдогандын украиндер менен орустардын мотивдерин абдан жакшы билгенине көңүл бурган Подоляк, бул сунуштун «күмөнсүз жакшы ойлонулган жана потенциалга ээ» экенин айтты.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Орусия менен Украинанын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн президент Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Түркияга чакыруусун «канааттануу менен кабыл алгандарын» айтты.

Президенттиктин басма сөз катчысы, элчи Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия менен Украинанын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнүн белгилеп: «(Эрдоган) Жада калса каалашса  экөөнү тең Түркияга келүүгө, алардын ортосундагы көйгөйлөрдү жана пикир келишпестиктерди чечүү үчүн жолугушууга чакырды. Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу үчүн бардык ролду ойноого даяр. Биз муну Орусия менен Украинанын досу катары да, НАТОнун өнөктөшү катары да жасап жатабыз», деген сөздөрдү колдонгон.



Тектеш кабарлар