Түрк аба жолдорунун Казакстанга каттамдары кайрадан башталууда

Казакстандагы нааразылык акцияларынан улам THY бул өлкөгө пландалган каттамдарын 9-январга чейин токтотуу чечимин чыгарган эле.

1760923
Түрк аба жолдорунун Казакстанга каттамдары кайрадан башталууда

Түрк аба жолдорунун (THY) Казакстанга каттамдары кайрадан башталууда.

THYнын башкы директору Билал Экши социалдык медиа баракчасы Твиттерден пландуу каттамдардын борбор калаа Нур Султанга 13-январда, Актауга 14-январда жана Түркстанга 15-январда баштала турганын билдирди.

Экши Алматыга пландалган каттамдар үчүн жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтты.

Ал арада Казакстандын Алматы шаарындагы THY кызматкерлери, жеке аба жүк ташуучу компаниялардын айрым кызматкерлери жана түрк жарандарын эвакуациялаган учак Түркияга келди.

Эвакуация операциясын жетектеген THYнын башкаруу кеңеши жана Аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжы менен бирге 167 жүргүнчүнү ташыган учак Түркия убактысы боюнча саат 16.20да Стамбул аэропортуна жетти.

Казакстандагы нааразылык акцияларынан улам THY бул өлкөгө пландалган каттамдарын 9-январга чейин токтотуу чечимин чыгарган эле.



Тектеш кабарлар