Чавушоглу Сассолиге байланыштуу көңүл айтты
ЕПнын 65 жаштагы төрагасы Дэвид Сассоли, Италиянын Авиано шаарында дарыланып жаткан ооруканада көз жумду.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Парламенттин (ЕП) төрагасы Давид Сассолинин каза болушуна байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Министр Чавушоглу социалдык медиа баракчасынан: «Дэвид Сассолинин каза болгонун абдан кайгыруу менен билдим. Анын жакындарына жана ЕПга көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун»,-деп билдирди.
ЕПнын 65 жаштагы төрагасы Дэвид Сассоли, Италиянын Авиано шаарында дарыланып жаткан ооруканада көз жумган.
ЕПнын башчысы сентябрда пневмониядан улам ооруканага жаткырылып, көпкө сессияларга төрагалык кыла алган эмес жана Европа Биримдигинин саммиттери сыяктуу жогорку деңгээлдеги жыйындарга да катыша алган эмес.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.