Хулуси Акар Босния-Герцеговинадан кийин кечээ Косового барды

Акар Косовонун борбор шаары Приштинада коргоо министри Арменд Мехаж менен жолугушкандан кийин Косовонун президенти Вйоса Османи менен жолугушту.

1753961
Хулуси Акар Босния-Герцеговинадан кийин кечээ Косового барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Косоводо президент Вйоса Османи жана премьер-министр Албин Курти менен өз-өзүнчө жолугушту.

Хулуси Акар Босния-Герцеговинадан кийин кечээ Косового барды.

Акар Косовонун борбор шаары Приштинада коргоо министри Арменд Мехаж менен жолугушкандан кийин Косовонун президенти Вйоса Османи менен жолугушту.

Жолугушууда Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтканданн кийин Түркиянын Косовонун тынчтыгына жана ырааттуулугуна маани бергенин билдирди.

Акар эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу, коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы тармактарында кызматташтыкты дагы да өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Османи менен жолугушкандан кийин премьер-министрликке өткөн Акар премьер-министр Альбин Курти менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен Косовонун ортосунда аскердик билим берүү жана коргонуу өнөр жайы тармагында кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү зарылчылыгы, Косовонун Кудста ачкан элчилигинин ыңгайсыздыгы жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө конкреттүү чараларды көрүүнүн мааниси баса белгиленди.



Тектеш кабарлар