Түркия БУУну сынга алды

Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги сөзүндө саясий процесстин кечеңдешинин Сирия калкынын азабын да, муктаждыгын да арттырганына көңүлдөрдү бурду.

1750589
Түркия БУУну сынга алды

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде : «Хэштег жакшы, бирок башыңды калкалай турган үй жакшыраак. Биз сириялыктардын акыркы мүмкүнчүлүгү экенибизди эскертким келет»,-деп айтып сынга алды.

Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги сөзүндө саясий процесстин кечеңдешинин Сирия калкынын азабын да, муктаждыгын да арттырганына көңүлдөрдү бурду.

Конституциялык комитеттин кийинки жыйындарынын эң кыска мөөнөттө өткөрүлүшү керектигин жана бул сүйлөшүүлөрдүн конкреттүү натыйжаларды бериши керектигин баса белгилеген Синирлиоглу, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия кризисине чечүүчү жол таба албаганын төмөнкү сөздөр менен сынга алып: «Хэштег жакшы, бирок башыңды калкалай турган үй жакшыраак. Тарых бул кеңешти хэштегтердин мууну катары эскерип калат деп корком. Ай сайын биз бул кеңешке келип сүйлөшүп, твиттер жазып, кетип калабыз, ал эми кийинки айда биз кайра келип, ошол эле нерселерди кайталайбыз. Биз Сирия элинин акыркы мүмкүнчүлүгү экенибизди эскертким келет. Бизде баары ушулбу? Жаңы жылдык резолюцияларыбызды Твиттерде жарыялоонун ордуна, балким чындап эле Сирия элин куткаруу үчүн бир нерсе жасай алабыз»,-деди.

Сириядагы абалдын террордук уюмдар үчүн да «жайылуучу жерди» жаратканына көңүл бурган Синирлиоглу, террор уюму ДЕАШ менен күрөшкө жамынып, жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга колдоо көрсөткөндөрдү төмөнкү сөздөр менен сындады: «Тарых көрсөткөндөй, бир террордук уюмду башка бир террордук уюмга каршы колдоо эч качан ишке жарабайт. ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен террордук уюмдун кеңейтилишине колдоо көрсөтүүнүн сиз күткөн натыйжаларды бербей турганын эскертип коюуга милдеттүүмүн. БУУга мүчө бардык өлкөлөрдөн террордук уюмдардын лидерлери үчүн кызыл килем төшөлүүдө этият болушун суранам. Бул актерлорду колдоо менен терроризмди мыйзамдаштырып жатасыңар. Сиздин кызыл килемдериңиз абдан тез канга боелуп калат. Колуңузда бейкүнөө сириялыктардын каны болушун каалабайсың»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар