Дүзжедеги байыркы шаарда айкелдин башы табылды

Айкелдин Рим дооруна таандык экендиги болжолдолууда.

1742261
Дүзжедеги байыркы шаарда айкелдин башы табылды

Дүзжедеги Прусиас ад Гипиум байыркы шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде Рим дооруна таандык экендиги болжолдолгон айкелдин башы табылды.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, Конуралп аймагындагы байыркы шаарда 60 кызматкер жана 6 археолог менен казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Казуу учурунда Рим дооруна таандык экендиги болжолдолгон эсептелген жарым айкелдин башы табылган.

Кылдаттык  менен тазаланган айкелдин башы Конуралп музейинин директорлугуна өткөрүлдү.

Учурда уланып жаткан казуу иштеринде айкелдин башка бөлүктөрүнүн да табылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар