Эрдоганды Илхам Алиев Зангиландын Агалы айылында расмий азем менен тосуп алды

Кабыл алуудан кийин Эрдоган менен Алиев жекеме  - жеке  жолугушууга өтүп, делегациялар арасындагы   сүйлөшүүлөр да  башталды.

1725344
Эрдоганды  Илхам Алиев Зангиландын Агалы айылында расмий азем менен тосуп алды

Президент Р. Т. Эрдоганды сапар менен барган Азербайжанда  президент Илхам Алиев Зангиландын Агалы айылында расмий азем менен тосуп алды.

Алиев менен бирге «Физули» эл аралык аэропортунун ачылыш лентасын кесип жана иликтеп чыккан Эрдоган, Ахметбейли-Фузули-Шуша жана Ахметбейли-Хорадиз-Минчиван-Агбенд автожолунун курулушунун жана Зангилан акылдуу айыл чарба кампусунун пайдубалын түптөө аземине катышты.

Андан соң Агали айылына барган Эрдоганды расмий тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

Президент Эрдоган менен Алиев азем аянтынан орун алгандан кийин эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан кийин Эрдоган аскерлерге салам берди.

Кабыл алуудан кийин Эрдоган менен Алиев жекеме  - жеке  жолугушууга өтүп, делегациялар арасындагы   сүйлөшүүлөр да  башталды.

Аземге экология  жана шаар куруу министри Мурат Курум, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу, президенттик аппараттын байланыш директору Фахреттин Алтун жана президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана Азербайжандын министрлери да катышты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар