Хулуси Акар НАТОнун штаб - квартирасында түрдүү жолугушууларды өткөрдү

Акар Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен жолугушту, андан кийин АКШнын коргоо министри Остин менен кыска жолугушуу өткөрдү.

1723337
Хулуси Акар  НАТОнун штаб - квартирасында түрдүү жолугушууларды өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар  АКШнын коргоо министри  Ллойд Жеймс Остин менен жолугушту. Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн барган НАТОнун штаб - квартирасында түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

Акар Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен жолугушту, андан кийин АКШнын коргоо министри Остин менен кыска жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Италиянын борбор шаары Римде 30 – 31 -октябрда боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинен мурда оң күн тартибин түзүү үчүн керектүү чаралар талкууланды.

Андан кийин Грециянын коргоо министри Николаос Панагиотопулос менен жолугушкан министр Акар, Түркия жана Грециянын ортосунда ишеним арттыруучу чаралардын негизинде борбор шаар Анкарада өткөрүлүшү пландалган төртүнчү жыйын үчүн грек делегациясынын күтүлүп жаткандыгын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар