Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 52 киши көз жумду.

1665634
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 52 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 576 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 215 миң 294 тест жасалып, 390 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 4 миң 883 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 937 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 275 миң 231ге жогорулады.

Экинчи жагынан, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда жасалган Ковид-19 вакциналарынын жалпы санынын саат 18: 10го карата (Түркия убактысы боюнча) 47 миллион дозадан ашканын билдирди.

Министр Кожа социалдык медиа эсебинде Твиттерден билдирүү жасап, "Саат 18.10до бүгүнкү күнгө чейин колдонулган вакциналардын жалпы саны 47 миллион дозадан ашты. Биздин 18 жаштан жогору калктын 54% жок дегенде бир дозадан вакцина алышкан",деген маалыматты бөлүшкөн.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар