Түркия АКШга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Түркия Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) Флорида штатындагы имараттын урашынан улам каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Флорида штатындагы Майами Дейд шаарында 24-июнда 12 кабаттуу үйдүн жарым-жартылай кулашынан улам каза болгондордун жана жаракат алгандардын катталганы, көптөгөн кишилердин урандылардын астында калгандыгы капага салгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Биз АКШнын элине жана жетекчилигине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирек сакайып кетишин каалайбыз» деген сөздөр камтылды.
АКШнын Флорида штатындагы Майами Дейд шаарында 24-июнда 12 кабаттуу үйдүн жарым-жартылай урап түшүшүнүн натыйжасында 4 адам каза болуп, урандылардын астында калгандыгы божомолдонгон 159 адамдан болсо дайын жок экени маалымдалган болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.