Эрдоган Раисини куттуктады

Ибрагим Раиси Ирандын президенти болуп шайланды.

1661248
Эрдоган Раисини куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын президенти болуп шайланган Ибрагим Раисиге куттуктоо жөнөттү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган шайлоонун жыйынтыктарынын дос жана боордош Иран эли үчүн пайдалуу болушун каалады.

Раисинин президенттик мезгилинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын бекемделерине ишенгенин айткан Эрдоган, Раиси менен бул багытта кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Коронавирус эпидемиясы аяктагандан кийин Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынына байланыштуу Иранга бара турганына кубанычта экендигин да билдирген Эрдоган: «Ушундан улам сизге жаңы кызматыңызда ийгиликтерди каалап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да бардык тармактарда өнүгүшүн, дос жана боордош Иран элинин жыргалчылыгы үчүн эң жакшы каалоолорумду билдирем», деди.



Тектеш кабарлар