Шентоп Россияга куттуктоо жолдоду

Шентоп Россияны Улуттук күнү менен куттуктады.

1656575
Шентоп Россияга куттуктоо жолдоду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Төрагасы Мустафа Шентоп Россияны Улуттук күнү менен куттуктады.

Шентоп Россия Федерациясынын Улуттук күнүн Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенкого жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володинге өз-өзүнчө кат жөнөтүү менен куттуктады.

Өткөн жылы Түрк өкмөтү менен Советтик Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленгенин эске салган Шентоп, быйыл да өткөн кылымдын башында эки мамлекеттин ортосундагы оор мезгилдерде көрсөтүлгөн тилектештиктин символу болгон Москва келишиминин 100 жылдыгы экенин билдирди.

Шентоп: «Парламент катары, биз ошондой эле март айында аталган келишимдин 100 жылдыгына карата түрк-орус мамилелерин талкуулаган панелди өткөргөнүбүзгө кубанычтабыз. Биздин терең тамырлашкан карым-катнаштарыбыз биргелешкен иш-чаралар аркылуу, өзгөчө парламенттик дипломатиянын салымы менен өз ара мамилелердин негизинде дагы да өнүгөт деп ишенебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар