Чавушоглу:«Үммөт бизден лидерликти күтүп жатат»

Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңеши видео конференцияларды колдонуп, Израилдин палестиналыктарга жасаган кол салууларын талкуулоо үчүн чогулду.

1640181
Чавушоглу:«Үммөт бизден лидерликти күтүп жатат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Палестинада биримдигибизди жана чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтө турган мезгил келди. Үммөт бизден лидерликти күтөт. Түркия талап кылынган бардык кадамдарды жасоого даяр»,-деди.

Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңеши видео конференцияларды колдонуп, Израилдин палестиналыктарга жасаган кол салууларын талкуулоо үчүн чогулду.

Жолугушууга Түркиянын атынан катышкан Мевлүт Чавушоглу: «Палестиналыктарды коргоонун эл аралык механизми түзүлүшү керек»,-деди.

Чавушоглу: «Палестинада биримдигибизди жана чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтө турган мезгил келди. Үммөт бизден лидерликти күтүп жатат. Түркия талап кылынган бардык кадамдарды жасоого даяр»,-деди.

Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында өмүрүнөн айрылган палестиналыктардын саны 181ге жетти, алардын 52си балдар.



Тектеш кабарлар