Эрдогандын Кудс боюнча бөлүшүүсү

Президент Эрдоган Твиттердеги эсебинде Израилдин Палестинадагы кол салуулары боюнча билдирүү жасады.

1638646
Эрдогандын Кудс боюнча бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Ыйык Кудс шаарынын ар-намысын, абийирин, кадыр-баркын жана сыймыгын коргоо ар бир мусулмандын мойнундагы милдет»,-деди.

Президент Эрдоган Твиттердеги эсебинде Израилдин Палестинадагы кол салуулары боюнча билдирүү жасады. Эрдогандын бөлүшүүсү төмөнкүчө: «Израилдин жалпы адамзаттык институттардын чечимдерине, негизги адам укуктарына, эл аралык укукка жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы келген аракеттери токтоосуз токтотулушу керек. Болбосо, дүйнөдөгү бир дагы адам эл аралык институттарга жана эрежелерге ишенбей калат. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши дароо жана таасирдүү чараларды көрүп бул зулумдукка «токтот» дебесе, ал биз айткан «Дүйнө 5тен чоң» деген айкырыкты сөзсүз түрдө кабыл алган болот. «Кудс деген бүткүл дүйнө, ал жердеги мусулмандар бүт адамзат экендигин унутпашыбыз керек».


Этикеткалар: #Кудс , #Эрдоган

Тектеш кабарлар