ПКК / ЙПГ террористтери Афринде жарандарды бутага алды

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинен берилген билдирүүдө ПКК / ЙПГ террористтеринин талаада иштеген бейкүнөө жарандарды бутага алгандыгы билдирилди.

1632435
ПКК / ЙПГ террористтери Афринде жарандарды бутага алды

Жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГга мүчө террористтердин Сириянын Африн районунда жарандарды бутага алган кол салуусунда бир бала каза болуп, 2 адам жаракат алды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинен берилген билдирүүдө ПКК / ЙПГ террористтеринин талаада иштеген бейкүнөө жарандарды бутага алгандыгы билдирилди.

Афринде талаалар жайгашкан аймакка 8 жолу замбирек / снаряд аткан террористтер эне менен баласын жана айылдашын жарадар кылышты.

Жаракат алган баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок, аймактагы террордук буталар аткыланды.

Билдирүүгө снаряддар менен замбирек октору түшкөн учурдун сүрөттөрү да киргизилген.

Бир тараптан Сириядагы ЙПГ / ПКК террористтери 17 жаштагы кызды зордуктап тартып алган видеотасмаларды туугандарына көрсөтөм деп коркутуп, жанкечти болууга мажбурлашты.

ЙПГ / ПКК басып алган Манбиж районунда жашаган 17 жаштагы Ракка аттуу кыз Афринде коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып, камакка алынды.



Тектеш кабарлар