Министр Кожа: «Sputnik V вакцинасы жакын арада процесске кирет»
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа видео конференция ыкмасы менен чогулган Коронавирус илимий комитетинен кийин билдирүү жасады.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан Sputnik V вакцинасы жакын арада процесске кирээрин билдирди.
Министр Кожа, видео конференция ыкмасы менен чогулган Коронавирус илимий комитетинен кийинки билдирүүсүндө, «Түркиядагы Ковид-19 вирусун жуктуруп алгандардын санынын өсүш темпи төмөндөдү. Мындан ары чектөөлөрдү жана чараларды сактоо менен оорулардын саны төмөндөйт»,-деди.
«Sputnik V вакцинасы жакын арада процесске кире тургандыгын белгилегим келет»,деген Фахреттин Кожа мындай деди: «Жигерсиз вакцина талапкерибиз 2-фаза изилдөөсүн аяктоо алдында турат. Ал май айында акыркы баскыч болгон 3-фазага өтөт. Бүгүнкү күндө биздин үчүнчү жигерсиз вакцинанын дагы 1-фаза клиникалык сыноосу Анкара оорукана шаарчасында башталат».
Министр Кожа, Түркиянын 7 башка вакцина платформасы менен өз күчүнө жетүү жолунда чоң кадамдар ташталганын айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.