АКШнын кемелери Түрк кысыктарынан өтпөйт
Бул тууралуу дипломатиялык булактардан маалымат алынды.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Түрк кысыктарынан Кара деңизге өтүш үчүн Түркияга жиберген дипломатиялык билдирүүсүн кайтарып алды.
Дипломатиялык булактардын айтымында, мындан мурда Түрк кысыктарынан Кара деңизге өтүш үчүн дипломатиялык билдирүү жөнөткөн АКШга таандык 2 согуштук кемесинин Кысыктардан өтпөй турганы боюнча тийиштүү маалыматты АКШнын Түркиядагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине берди.
Башка расмий адамдардан алынган маалыматка ылайык, бул өтүүлөр жокко чыгарылган жана жаңы өтүүлөр жөнүндө эч кандай билдирүү келе элек.
Чет элдик маалымат булактары буга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу Монтре конвенциясына (1936) ылайык, АКШнын эки аскер кемеси Кара деңизге жөнөөрү жана кемелер Кара деңизге өзүнчө 14 жана 15-апрелде өткө тургандыгы жөнүндө кабарлашкан жана ал кемелердин 4 жана 5-майда кайтып келиши көздөлгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.