Эрдоган: «Түркиянын туризм потенциалы абдан чоң»

Эрдоган партиясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1616805
Эрдоган: «Түркиянын туризм потенциалы абдан чоң»

Президент жана Адилет жана Өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын туризм потенциалынын абдан чоң экендигин айтты.

Партиясынын облустук башчыларынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган, Түркиянын алдында жапжаңы мезгилдин ачылганына ишенгенин белгилеп: «21-кылымдын лидер өлкөсү максатына жете турган мезгил болот»,- деди.

Түркиянын туризм тармагындагы потенциалдын абдан чоң экендигин айткан Эрдоган коронавирустук чараларга байланыштуу: «Биздин максатыбыз - Рамазан айында жалпысынан эс алдырып майрамдан кийинки жакшы күндөргө даярдануу. Түркиянын пандемияга каршы чараларды көрүшү, ал тургай жалгыз өзү пандемияны толугу менен жеңүүсү маанилүү эмес. Эң башкысы, жакын адамдык жана соода мамилелерибиз бар аймактар баш болгон дүйнө жүзүндөгү жалпы калыбына келүүдөн артта калбоо, ал эмес мүмкүн болсо алдына өтүү болуп саналат. Эгерде биз Рамазан айындагы чараларыбыз менен бейтаптардын санын бир нече миңге чейин кыскарта алсак, анда май айында башталаары күтүлгөн туризм сезонуна жана соода кыймылдуулуган ээ боло алабыз», деп айтты.



Тектеш кабарлар