Түркиядан Мавританиядагы жардамга муктаж үй - бүлөлөргө жардам берди

Дин иштери башкармалыгынын координациясында өлкө тышындагы түрктөрдүн жардамдары менен даярдалган жардам кутулары жеткирилди.

1615170
Түркиядан Мавританиядагы  жардамга муктаж үй  - бүлөлөргө жардам берди

 Дин иштери башкармалыгынын координациясында өлкө тышындагы түрктөрдүн жардамдары менен даярдалган жардам кутулары жеткирилди.

Мавританияда Бракна аймагында жашаган жардамга муктаж үй  -  бүлөлөргө жеткирилди.

Түркия Диянет фонду жана Дин иштеринин түрк ислам биримдигинин Германиядагы  өкүлчүлүгү тарабынан Мавританияда кыйын шарттарда жашаган мусулмандарга  жардам берүү максатында өлкө  тышында жардам кампаниясы жүргүзүлүүдө.

Кампаниянын алкагында чогултулган кайрымдуулук жардамы менен даярдалган айрым жардам пакеттери Мавританиянын борбору Нуакшоттон болжол менен 400 чакырым түштүктө, Сенегалдын чек арасында жайгашкан Бракна аймагындагы муктаж үй-бүлөлөргө жеткириле баштады.

Аймактагы эл тарабынан кубанычтуу тосуп алынган  Түркиянын Нуакшот элчилигинин дин кызматтары боюнча кеңешчиси Ремзи  Ярба менен Түркия диянет фонду жана Диянет иштеринин түрк ислам кызматташыгынын Германия өкүлчүлүгүнүн жетекчилери азык  - түлүк пакеттерин жана түрдүү белектерди үй  - бүлөлөргө таркатты.

Жетекчилер рамазан айында түрдүү аймактарда жардам иштерин улантат.



Тектеш кабарлар