Түркия Индиядагы террордук кол салууну айыптады

Индиянын Чатисгарх аймагында болгон террордук кол салууда көп сандаган Индия коопсуздук күчү кызматкеринин каза болгондугу жана бир тобунун жаралангандыгы билдирилди.

1614612
Түркия Индиядагы  террордук кол салууну айыптады

Түркия Индияда болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигенен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Индиянын Чатисгарх аймагында коопсуздук күчтөрүнө карата террордук кол салуусунда көп сандаган Индия коопсуздук күчү кызматкеринин каза болгондугу жана бир тобунун жаралангандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Бул террордук кол салууну айыптап, Индия өкмөтү менен элинин кайгысын бөлүшөбүз»,- деп билдирилди.

Чатисгарх коопсуздук дирктору Ашок Жунежа Бижапур шаарында коопсуздук күчтөрүнүн токой аянтындагы бир баш калкалоо жеринде жүргүзгөн тинтүүдө маоист козоголоңчулар менен кагылышуу чыккандыгын билдирген.

Кагылышууда каза болгон аскерлердин саны 22ге жеткенин белгилеген Жунежа 32 аскердин жаралангандыгын, 15 козголоңчунун өлтүрүлгөндүгүн айткан.



Тектеш кабарлар