Түркияда кабинет эртең чогулат
Жыйналыштын күн тартибиндеги негизги маселе жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүү болот.
Президенттик кабинет эртең Бештепеде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.
Жыйналыштын күн тартибиндеги негизги маселе жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүү болот.
Акырындык менен калыбына келүү учурунда 1 айлык процесс бааланат, жуктурган учурлардын көбөйүшү талданат, мутацияланган вирустун жүрүшү көзөмөлдөнөт.
Эпидемиянын саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономика жана социалдык турмушка тийгизген таасири талкууланат. Чараларды кандайча улантуу керектиги чечилет.
Жыйында эмдөөдөгү акыркы кырдаалга дагы баа берилет. Жол картасына басым жасалат. Чет өлкөлөрдөн, айрыкча Кытай, Германия жана Россиядан келген вакциналар менен камсыздоодогу акыркы кырдаал жана ата мекендик вакцина боюнча изилдөөлөр талкууланат.
Президент Эрдоган өкмөттүн жыйынында кабыл алынган чечимдерди коомчулук менен бөлүшөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.