Түркия ФИФА тандоолорунда дагы бир жеңишке жетишти
Испанияда өткөн беттеште биздин футболчулар Норвегияны 3: 0 эсебинде утуп, 2 оюнду тең жеңгендиги үчүн тайпанын лидери болушту.
Түркия, ФИФА- 2022 Дүйнөлүк Чемпионатынын тандоолорунун экинчи беттешинде Норвегияны 3-0 эсебинде жеңди.
Улуттук курама команда өзүнүн жеңиштерине жаңысын кошту. Ай жылдыздуу команда 2022-жылдагы Дүйнөлүк Кубок үчүн тандоо оюндарынын «G» тайпасында Нидерландиядан кийин Норвегияны дагы утуп алды.
Испанияда өткөн беттеште биздин футболчулар Норвегияны 3: 0 эсебинде утуп, 2 оюнду тең жеңгендиги үчүн тайпанын лидери болушту.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, вице-президент Фуат Октай, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Улуттук курама футбол командасын Норвегияны жеңишинен улам куттукташты.
Ошол эле учурда ФИФА, 2022 Дүйнөлүк Чемпионатынын Европа тандоолорунун «G» тайпасынын экинчи матчында Норвегияны 3-0 эсебинде жеңип алган Түркияны куттуктады.
ФИФА Дүйнөлүк Кубогунун социалдык тармактагы Твиттер баракчасында, «Эң сонун көрсөткүч! Түркия, Норвегияны утуп алып өзгөчө деңгээлде 2002-жылдардагы жетишкендиктерден ашып түшө тургандыгын көрсөттү. Дүйнөлүк Кубоктун тандоо турунда эки матчта тең жеңишке жетишти”,-деди.
Ай-жылдыздуу команда 2002-жылы Түштүк Кореяда жана Японияда өткөн Дүйнөлүк Кубокто үчүнчү орунду ээлешкен турнир тарыхындагы эң ийгиликтүү рангга жетишкен болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.