Эрдоган:«Ковид-19га каршы күрөштө күчтүү тилектештик,кызматташтык менен жеңишке жетишүүгө болот»

Президент Эрдоган түз байланыш менен катышкан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 14-лидерлер саммитинде сөз сүйлөдү.

1595140
Эрдоган:«Ковид-19га каршы күрөштө күчтүү тилектештик,кызматташтык менен жеңишке жетишүүгө болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштө күчтүү тилектештик, регионалдык жана эл аралык кызматташтык менен гана жеңүүгө болорун айтты.

Президент Эрдоган түз байланыш менен катышкан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 14-лидерлер саммитинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, ушул жерде сүйлөгөн сөзүндө, «(Ковид-19) Бул глобалдык катастрофага каршы күрөштө биз күчтүү тилектештик, аймактык жана эл аралык кызматташтык менен гана жеңишке жетише алабыз. Көрүлүп жаткан мажбур чектөөчү чаралардын ачык-айкын, пропорционалдуу жана убактылуу мүнөзү биздин биргелешкен соода жүргүзүүбүз үчүн туура экендиги талашсыз»,-деп айтты.

Эрдоган, 17 жылдан бери ишке ашырыла албаган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун соода келишими кечиктирилбестен күчүнө кирсе пайдалуу болоорун белгиледи.

«Биз Кытайдын «Бир алкак жана бир жол» демилгесин маанилүү деп эсептей тургандыгыбызды жана бул демилгени «жеңиш-жеңиш» принцибинде колдой тургандыгыбызды билдиргим келет»,-деп айткан Эрдоган мындай деди: «Биз 2025-жылга Көз караш Документинде каралган долбоорлорду каржылоодо колдонула турган Көз караш Фондусун түзүүнү колдойбуз. Мындан ары приоритетибиз Карабахта коопсуздукту жана туруктуулукту орнотууга жардам берүү, 30 жылдык (Армян) басып алуунун зыяндарын биргелешип жоюу. Иранга каршы бир тараптуу санкциялардын жоюлушу, биздин аймактын экономикалык гүлдөп-өнүгүүсүнө салым кошот»,-деп айтты.

Президент бардык мүчөлөрдү Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) менен ар тараптуу мамилелерин өркүндөтүүгө жана дуушар болуп жаткан адилетсиздиктерден арылууга жардам берүүгө чакырды.

 



Тектеш кабарлар