Сириядан Түркияга мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылган 16 киши кармалды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинде маалымат жарыяланды.
1587664
Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Сириядан Түркияга мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылган 16 адам кармалганын билдирди.
УКМнын Твиттер эсебинде жарыяланган билдирүүдө,
«Хатайдын Рейханлы жана Нарлыжа аймактарындагы чек ара күзөтчүлөрүбүз Сириядан өлкөбүзгө мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылган 16 адамды кармады. Жасалган иликтөөлөрдө колго түшкөндөрдүн экөө (Хейет Тахрир Дамаск) ХТШ жана алардын экөө ДЕАШ террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.