Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Акыркы 24 саатта вирустан 91 киши көз жумду.

1584118
Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 91 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 27 миң 562 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 116 миң 452 тест жасалып, 660 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 945 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 106 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 482 миң 435ке жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар