Чавушоглу: «Түркия-Африка Бирлиги өнөктөштүгүнүн 3-саммитин Түркияда өткөрөбүз»

Эфиопиянын Анкарадагы жаңы элчилигинин имаратынын расмий ачылышы министр Чавушоглу жана Эфиопиянын тышкы иштер министри Демеке Меконнендин катышуусунда өттү.

1583930
Чавушоглу: «Түркия-Африка Бирлиги өнөктөштүгүнүн 3-саммитин Түркияда өткөрөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Африка демилгеси саясаты эми Африка менен өнөктөштүк саясаты катары улантылып жатканына көңүл буруп, бул жылы коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынын жүрүшүнө жараша Түркия-Африка Бирлигинин өнөктөштүгүнүн 3-саммитин Түркияда ишке ашыргылары келгендигин билдирди.

Эфиопиянын Анкарадагы жаңы элчилигинин имаратынын расмий ачылышы министр Чавушоглу жана Эфиопиянын тышкы иштер министри Демеке Меконнендин катышуусунда өттү.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Чавушоглу элчиликтин жаңы имаратынын ачылышына катышкандыгы үчүн жана кесиптеши Меконненди Түркияда тосуп алгандыгы үчүн кубанычта экендигин билдирди.

Эфиопиянын дос жана боордош өлкө болгонун жана Түркия менен тарыхтан келген  күчтүү байланыштары болгонун баса белгилеген Чавушоглу, өзүнүн дагы Эфиопияга барууну каалагандыгын баса белгилеп, Түркиянын ал жерде жаңы элчиликтин имаратынын ачылышын жасай тургандыгын билдирди.

Эфиопиянын тышкы иштер министри Меконнен да ачылыш аземине катышкандыгы үчүн кубанычын билдирди.

Эфиопиянын Түркия менен болгон кызматташтыгына канагаттанганын белгилеген Меконнен,  эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн көп  жылдар бою биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү натыйжаларга жетишкен жогорку деңгээлдеги сапарларды кубануу менен кабыл алгандыгын баса белгиледи.

Меконнен, Эфиопия Түркия менен бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди.

Эфиопиянын Анкарадагы элчиси Гирма Темесген Баркесса дагы Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел бүркүт-2» операция аймагында жикчил террордук уюм ПКК тарабынан шейит кылынган 13 түрк жараны үчүн көңүл айтты.

Элчи Баркесса Элчиликтин жаңы имаратынын ачылышы эки тараптуу мамилелерде жаңы баракты ачып гана тим болбостон, келечек муундар үчүн дагы күчтүү кызматташтык стратегиясын белгилегендигин айтты.



Тектеш кабарлар