Түркиянын Эскишехир шаары дүйнөнүн коопсуз шаарларынын катарына кирди

Изилдөө  компаниясы Numbeoнун кылмыштуулук көрсөткүчтөрүнө негизделген жылдык коопсуз шаар отчетунда 431 шаардын эң башында Бириккен Араб Эмираттары турат.

1573633
Түркиянын Эскишехир шаары дүйнөнүн коопсуз шаарларынын катарына кирди

Эскишехир дүйнөдөгү эң коопсуз 10 шаардын катарына кирди.

Изилдөө  компаниясы Numbeoнун кылмыштуулук көрсөткүчтөрүнө негизделген жылдык коопсуз шаар отчетунда 431 шаардын эң башында Бириккен Араб Эмираттары турат.

Биринчи ондо Бириккен Араб Эмираттарынын үч шаары орун алган отчетто Абу  -  Даби 88, 46 коопсуздук индекс баллы менен бири биринин артынан бешинчи жолу биринчи орунду алды.

Эскишехир 82.42 упай менен 8 - орунду алса,  Анталия 72.83 упай менен 61- орунду алды.

Биринчи онго кирген шаарлар :

1. Абу-Даби, БАЭ

2. Доха, Катар

3. Тайбэй, Тайвань

4. Квебек, Канада

5. Цюрих, Швейцария

6. Шарджа, БАЭ

7. Дубай, БАЭ

8 Түркиянын Эскишехир шаары

9. Мюнхен, Германия

10. Триест, Италия

Тизмеге кылмыштуулук индекси жактан каралганда көптөгөн жылдар дүйнөнүн зомбулук эң көп болгон шаары катары кабыл алынган Венесуэланын борбор шаары Каракас 84, 68 балл менен биринчиликти алды.



Тектеш кабарлар