Улуттук аскердик учагы үчүн Малайзия өнөктөштүккө чакырылды

Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коомунун башкы директору Темел Котил Анадолу агенттигине маалымат берди.

1338690
Улуттук аскердик учагы үчүн Малайзия өнөктөштүккө чакырылды

Түркия акыркы мезгилде чыгарылган оригиналдуу аба платформасын бирдикте чыгаруу үчүн Малайзияны өнөктөштүккө чакырды.

Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коомунун башкы директору Темел Котил Анадолу агенттигине маалымат берди.

Жергиликтүү өндүрүш болгон "Гөкбей" жалпы максаттагы тик учардын дээрлик бардык аймактарда колдонула ала турган бир тик учар экендигин айткан Котил : «"Гөкбей" бир күн бир жерге барат. Казакстанга да өндүрүүнү сунуш кылдык, Малайзияга да сунуш кылдык, Пакистанга да сунуш кылдык. Дүйнөдө бул класста жасалган акыркы тик учар. Дүйнөдө эң көп сатылган тик учарлар бул класста. Мыкты жасалгандыктан алдыга чыгууда»,- деди.

Малайзияны да реактив боюнча билим берүү жана жеңил учак Хүржет үчүн чакырышкандарын белгилеген Котил : «Хүржет мыкты бир учак. Жеңил, чабуул коючу жана машыктыруучу учак. Кызыгууларын тартты. Оң мамиле күтүүдөбүз»,- деди.

Түркиянын авиация жана коргоо өнөр жайында төңкөрүш кылгандыгын баса белгилеген Котил : «Малайзиянын премьер- министри Мухаммед Махатхирдин бизди сыйлагандыгы жөн жерден эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар