Түштүк Кавказдын күн тартибиндеги маанилүү окуялар

Евразия күндеми-13

2121685
Түштүк Кавказдын күн тартибиндеги маанилүү окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түштүк Кавказдын күн тартибиндеги маанилүү окуялар тууралуу кеп кылабыз.

Акыркы апталарда Түштүк Кавказда маанилүү окуялар болду. Эми аларга көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 11-март күнү Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен Азербайжанга барды. Казакстандын Президенти Токаев Бакуда расмий салтанат менен тосуп алынды. Азербайжан-Казакстан Жогорку өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда болуп өттү. Жыйындын соңунда эки өлкөнүн ортосунда 9 келишимге кол коюлду. Ушул эле күнү Президент Токаев Азербайжандын Улуттук парламентине барып, парламенттин төрайымы Сахиба Гаффарова менен жолугушту. 12-март күнү Азербайжан менен Казакстандын президенттери Физули шаарына барып, Казакстан курган “Курмангазы” атындагы балдардын чыгармачылык борборунун ачылыш аземине катышышты. Андан соң президенттер Шуша шаарына барып, бир катар жерлерди кыдырышты.

14-16-март күндөрү Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин эгедерлиги астында XI Глобалдык Баку форуму болуп өттү. Форумга 68 өлкөдөн 400дөн ашуун өкүл катышты. Форумдун алкагында Президент Алиев Албаниянын Президенти Байрам Бегай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы катчысы Тедрос Адханом Гебрейюс жана Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалы Биналы Йылдырым менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Азербайжан-Грузия-Түркия тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу 9-жыйыны 15-мартта Бакуда болуп өттү. Жолугушууда сөз болуп жаткан үч өлкөгө тиешелүү маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда Баку декларациясына кол коюлду.

Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе 16-март күнү расмий иш сапары менен Азербайжанда болду. Бакуда Премьер-министр Кобахидзе Азербайжандын Президенти Илхам Алиев жана Премьер-министр Али Асадов менен жолугушту. Эске сала кетсек, Ираклий Кобахидзе үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Грузиянын премьер-министри болуп шайланган.

17-март күнү Азербайжандын Президенти Илхам Алиев НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды. Жолугушууда энергетика, Түштүк Кавказдын коопсуздугу маселелери талкууланды. 18-мартта НАТОнун башкы катчысы Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.

22-март күнү Азербайжандын Улуттук парламентинин төрайымы Сахиба Гаффарова Швейцарияга иш сапары менен барды. Төрайым Гаффарова Женевада өткөн Парламенттер Аралык Биримдиктин 148-Ассамблеясына, Блокторго кошулбаган мамлекеттердин Парламенттик биримдигинин 3-конференциясына жана Азия Парламенттеринин Ассамблеясынын Координациялык жыйынына катышты.

Түштүк Кавказга байланыштуу бардык сүйлөшүүлөрдө Азербайжан-Армения тынчтык келишими күн тартибиндеги эң маанилүү маселе катары каралууда. 22-мартта Азербайжан жана Армения парламенттеринин жетекчилери Женевада жолугушуу өткөрүштү.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Баку аймактык жана глобалдык саясаттын маанилүү борборлорунун бирине айлана баштады. Күзүндө Бакуда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) 29-конгресси мунун ачык далили болуп саналат. Азербайжан-Армения чек арасын аныктоо жана эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюу Түштүк Кавказдын гана эмес, бүткүл Евразия аймагынын өнүгүшүнө салым кошот.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар