Ортаклар шишкебек

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-13

2120341
Ортаклар шишкебек

Ортаклар шишкебек

Катталган күнү: 23.11.2020

Түркиянын Эгей аймагындагы Айдын облусунун Герменжик районуна караштуу Ортаклар жергеси, ысымынан коюлган шишкебек менен белгилүү. Ортаклар шишкебек, Герменжик муниципалитетинин кайрылуусу менен 2020-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнө кошулган. Аймактын маанилүү темир жол жана автожол түйүндөрүнүн бири болгон Ортаклар жергесиндеги шишкебек өндүрүшү алгач отурукташуу жеринин ортосунан өткөн темир жолдун айланасында көчмө түрдө берилип, убакыттын өтүшү менен жолдун боюндагы ресторандарда жалгыз тамакка айланган. Ортаклар шишкебек, узундугу 15 сантиметрдей, туурасы жарым сантиметр болгон, учтары бычак менен учталган камыш шиштерге тизилген майда тууралган майсыз жана тарамышсыз уйдун этинин отко какталып бышырышы менен даярдалат. Тууралгандан кийин бир нече күн тыныккан майсыз уйдун эти, жергиликтүүлөр айткандай, «таранчы жута тургандай» чоңдукта кесилиши менен белгилүү. Шишкебекти барбекюга коер алдында камыш шиштердин учуна койдун куйрук майынан кичинекей кесим киргизилет. Камышка эт жана куйрук майынан башка жашылча азыктары кошулбайт. Ортаклар шишкебек майда эттерден тургандыктан аны катуу отто тез бышырып конокторго берсе болот. Чоктун үстүнө бышырылган пияз, сарымсак, помидор жана калемпир менен берилген шишкебектин жанында туз, чили калемпири, кара калемпир жана зире сыяктуу кошумча татымалдар да колдонулса болот.



Тектеш кабарлар