Тилими туура колдономун

Анткени - 13.2024

2119178
Тилими туура колдономун

   Сүйүктүү окурмандар, бүгүнкү программабызда күнүмдүк баарлашуудан тарта татаал маселелерди чечүүгө чейин көптөгөн тармактарда орчундуу мааниге ээ болгон тема тууралуу сөз кылабыз. Тилди туура жана эффективдүү колдонуунун натыйжалары тууралуу чыгарылышыбызды “мен тилимди туура колдоном, анткени” деп баштайбыз.

  Тил жана ойдун арасындагы таасирлешүү маданий, когнитивдик жана жеке факторлор менен калыптанат. Тилдин сезим жана ойлорду билдирүүдө бир гана каражат экендигин жактаган көз караштар, барган сайын ордун тилдин ойду калыптандыргандыгы тууралуу тезиске калтырды. Бул татаал темага киргенден мурда Людвиг Витгенштейндин : “Менин тилимдин чеги – менин дүйнөмдүн чеги” деген сөзүн эске салуу да тилдин  дүйнөдө бар экенибизди аныктай турганын көрсөтүү үчүн жетиштүү.

  Тилди туура колдонуу эффективдүү баарлашуу жөндөмүбүздү жогорулатат. Жумушта, мектепте, атүгүл үй-бүлөлүк жашообузда болгон байланыштагы үзгүлтүктөр  көбүнчө тилди туура эмес колдонуудан келип чыгат. Бул жагдай көптөгөн терс көрүнүштөргө, өзгөчө ийгиликсиздикке жана бактысыздыкка алып келет. Эне тилибиздин назик жактары жана лексикасы – өзүбүздү түшүндүрүү үчүн да, башка адамды туура түшүнүү үчүн да билишибиз керек болгон негизги элементтер.

  Эне тилибизди жакшы билүү өзүбүздүн маданиятыбызды түшүнүү жана түшүндүрүү жөндөмүбүздү жогорулатат. Бул бизге маданий контекстте бай жашоого жардам берет. Мындан тышкары, жакшы тилдин негизи чет тилин үйрөнүү процессин жеңилдетет. Грамматикалык эрежелерди жана лексиканы түшүнүү жаңы тилди үйрөнүүдө артыкчылык болуп саналат. Ушундайча адамдар дүйнөнү ар кандай тилдер аркылуу, башкача айтканда, кеңири көз караштан таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

  Эне тилин билүү ой жүгүртүүгө жана чыгармачылыкка оң таасирин тийгизерин көрсөткөн көптөгөн изилдөөлөр бар. Изилдөөлөрдүн натыйжалары тилдин татаал түзүлүшүн өздөштүрүп, аны туура колдонгон адамдар күнүмдүк турмушта да, кесибине карабастан кесиптик чөйрөдө да ийгиликтүү болоорун көрсөттү. Мындан тышкары, тилди билүү психикалык ден соолукка да оң таасирин тийгизет. Тилди колдонуу ой жүгүртүү процесстерин жөнгө салгандыктан, изилдөө натыйжалары да тилин эффективдүү колдонгон адамдардын Альцгеймер сыяктуу оорулардан коргонууда артыкчылыкка ээ экенин тастыктайт.

 Урматтуу угармандар, сөзүбүздүн аягында мындай шык-жөндөмгө ээ болуу үчүн мектептен алган билимден тышкары, китеп, гезит, журналдарды окуу, театрга баруу, сөздүк колдонуу керектигин эскерткибиз келет.

  

 



Тектеш кабарлар