Буларды билесиздерби?

Түркиянын эң ачуу калемпиринин  Хатайда өскөнүн билесиздерби?

2076803
Буларды билесиздерби?

Ачууну жактырасызбы? Азыркы күндө ачуу калемпирдин денени оорудан сактап мээде бактылуулук гормонун бөлүп чыгарары далилденген.

Калемпир өндүрүүдө дүйнөдө маанилүү орунга ээ болгон Түркиянын эң ачуу калемпири Хатайдын Самандаг районунда өсөт. Дүйнөнүн бардык жеринде жарактуу Сковилл ачуулуулугу 50 миң болгон Самандаг калемпири топурак жана аба ырайынан улам ушул аймакта гана өсөт. Калемпирдин ачуу болушун камсыздаган зат капсаицин. Адамдын тилиндеги капсаицин рецепторлору да бул заттан жабыркап, оору жана жылуулук сезимин пайда кылат.

Бир гана Түркияда эле эмес,  дүйнөдө да тандалган калемпирлердин арасында орун алган Самандаг калемпири калың кабыктуу, суулуу жана абдан ачуу калемпир түрү. Эрте жаздан жазга өтүү мезгилинде өскөн бул калемпир ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ашказандагы сиңдирүүнү жеңилдетет жана майларды эритүүчү таасири менен арыктоону каалагандар үчүн өзгөчө дары өзгөчөлүгүнө ээ.  Курамында клетчатка жогору болгон бул калемпир ич катканга да пайдалуу. Ошол эле учурда күчтүү антиоксидант болгон Самандаг калемпиринин жүрөк ооруларына да пайдалуу экендиги айтылууда. Өзгөчө жогорку көлөмдө С витамини болгондуктан  иммунитетти көтөрөт. Теринин жалтырак болуп көрүнүшүндө да роль ойногон Самандаг калемпири холестерин деңгээлин да түшүрөт. Бул бардык пайдаларына карабастан ачуу болгон бир калемпирди ашказан жана ичеги оорусу болгон кишилер колдонууда этият болуулары керек. Көп колдонула турган болсо ашказан жана ичегилерге зыян келтириши мүмкүн болгон Самандаг калемпирин кан басымы жогору жана кош бойлуулардын колдонбошу керектиги сунушталат.



Тектеш кабарлар