Буларды билесиздерби?

Адана кебап.

2073461
Буларды билесиздерби?

Түркиядагы эт ресторандарында эң көп бышырылган  тамактардын бири "Адана кебабы" экендигин билесиздерби?

Адана кебабы түрк ашканасынын эң белгилүү тамактарынын бири жана Түркиянын түштүгүндөгү Адана шаары менен  дал келген. Атактуулугу Түркияны ашкан бул тамак бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө жактырылууда.

Түрк тилине арапчадан кирген кебап сөзү бир идиште же отто суусуз бышырылган эт деген маанини билдирет. Адананын борборунда жайгашкан  Чукуровада көптөн бери жасалып келет. Азыркы күндөн 4000 жыл мурункусуна таандык айрым археологиялык табылгалар бул аймакта ал учурларда да мангалдын жагылгандыгын, эттин шиштерге тизилип отто бышырылгандыгын көрсөтүүдө. Бүгүнкү Адана кебабы болсо  19 -  кылымдын экинчи жарымында Адананын тарыхый базары болгон Казанжылар базарында ортого чыккан.

Адана кебабынын башка кебаптардан айырмасы колдонулган эттер. Эт табигый чөйрөдө жана өзүнө таандык бир флорияга ээ аймактагы жайлоолордо  багылган эркек койлордон алынат. Кой эркек болбосо ургаачыга таандык гормондор даамын өзгөртөт. Адана кебапта колдонулган эт Аданага таандык «зырх» деп аталган, чоң бычак менен тууралат. Тууралган этке козунун куйругунан алынган май, кызыл калемпир, туз кошулат. Башка эч бир татымалдар кошулбайт. Алынган фарш атайын кебап шиштерине тизилет жана отун жагылган отто бышырылат. Адана кебабы сөзсүз түрдө cумах кошулган пияз салаты жана жашыл чөптөр менен жасалган салат менен берилет.

Түрдүү аймактарга жайылган Адана кебабы стандарттарынын сакталышы үчүн түрк патент жана бренд мекемеси тарабынан тастыкталган.



Тектеш кабарлар