НАТОнун  жаңы стратегиялык консепти

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1853164
НАТОнун  жаңы стратегиялык консепти

29-июнда Мадридде өткөн лидерлердин саммитинде НАТО өзүнүн жаңы стратегиялык концепциясын кабыл алды. Мурдагы стратегиялык концепцияга салыштырмалуу коопсуздук чөйрөсүндөгү олуттуу өзгөрүү НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Ушунун негизинде   2010- жылдагы документте тынчтык ичинде экендиги белгиленген Евро-Атлантика аймагынын Россиянын агрессиясынан улам тынчтык чөйрөсүн жоготкону жана альянска мүчө бир өлкөнүн бутасы болуу ыктымалдыгы белгиленди.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Мурунку документте орус өнөктөштүгүндө өзөктүк куралдардын азайтылышы, куралдарды көзөмөлгө алуу келишимдери жана жалпы мааниде куралсыздануу сыяктуу маселелер маанилүү бир орунга ээ болуп, жаңы документте бул аракеттердин чоң өлчөмдө Россиянын мамилесинен улам артка кеткендиги жана стратегиялык туруктуулуктун тескери багытта таасирленгендиги баса белгиленүүдө. 

Бир тараптан мурдагы документте орун алганына карабастан Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык программаларын өнүктүрүүнү уланткандыгы; Сирия, Түндүк Корея жана Россиянын болсо мамлекеттик эмес куралдуу актерлор менен бирдикте химиялык курал колдонушкандары айтылууда.

Жаңы стратегиялык концепцияда НАТОнун негизги миссиялары сакталды. Ошого жараша альянстын үч негизги миссиясы улантылат.

Булар баш тарттыруучулук жана коргонуу, кризиске бөгөт коюу, башкаруу менен кызматташуу жана биргелешкен коопсуздук. Бирок, социалдык ийкемдүүлүктүн маанилүүлүгүнө басым жасоо бир топ жогорулагандыгын айтуу керек, анткени концепциялык документте ийкемдүүлүк үч негизги милдетти ишке ашыруу үчүн “орчундуу” деп айтылууда. Россиянын Украина кол салуусу менен жаңы документте альянстын бешинчи беренеси болгон коллективдик коргонуунун негизинде коргонуу жана баш тарттыруучулук жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу мааниде күчтөндүрүлүшүнүн зарылчылыгы баса белгиленүүдө. 

Бир тараптан  өзөктүк куралдар  бар болгон сайын НАТОнун да өзөктүк бир альянс катары калары тууралуу түшүнүк улантылууда. Муну менен бирге НАТО өзөктүк куралдарынын максаты тынчтыкты коргоо жана агрессия менен коркутуу кыймылдарын алдын алуу экендиги белгиленгенден киийн НАТОнун кандайдыр бир душманга каршы ишенимдүү бир баш тарттыруучулугун кепилдикке ала турган жөндөмдүүлүк жана эркке ээ экендиги баса белгиленүүдө.

Өнүккөн жана кыйратуучу технологиялардын мүмкүнчүлүк жана тобокелчиликтер экендиги, бул технологиялардын кагылышуунун мүнөзүн өзгөрткөндүгү, дагы көп стратегиялык  мааниге ээ экендери жана глобалдык конкуренциянын негизги чөйрөсүнө айланганын баса белгилейт.

Бул жагынан алганда, технологиялык артыкчылыктын согуш талаасында ийгиликке көбүрөөк таасир берери айтылууда. Коркунуч  чөйрөсү да барган сайын гибриддик болуп бараткандыктан ийкемдүүлүктүн маанилүүлүгү баса белгиленүүдө. Ушунун негизинде НАТОнун ийкемдүүлүгүн жана технологиялык артыкчылыгын өлкө жана жамааттык масштабда бекемдей турганы белгиленди.

Бир тараптан алганда, технологиялык өлчөмдө космос жана кибер мейкиндик аймактарына үзгүлтүксүз кирүүнүн эффективдүү коргонуу жана тоскоол болуу үчүн абдан маанилүү экени белгиленди. Ушул  мааниде кибер мейкиндик жана космостук аймактардагы кол салуулардын «куралдуу кол салуу деңгээлине жетиши» жана альянстын бешинчи беренесинин аткарылышына алып келиши мүмкүн экендиги көңүлдөрдү бурууда.

НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясында Россияга таандык роль түп-тамырынан бери өзгөрдү. Россиянын душмандык саясаты жана аракеттеринен улам мурдагы документтегидей өнөктөш катары көрүнө албай турганы белгиленди.

Жаңы концепцияда Россия союздаштардын коопсуздугуна жана Евро-Атлантика аймагынын тынчтыгына, туруктуулугуна эң маанилүү жана түз коркунуч катары мүнөздөлүүдө.

Күтүлгөндөй эле жаңы документте Кытайга маанилүү бир орундун берилгендиги байкалууда. Ушул мааниде Кытайга карата так жана катуу бир тилдин колдонулгандыгын айтууга болот бирок Кытайдын деңиз, космос жана кибер мейкиндигин камтыган эрежелерге негизделген эл аралык тартипти «жок кылуу» үчүн аракет кылганы айтылууда.



Тектеш кабарлар