Сирияда акыркы абал

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1752374
Сирияда акыркы абал

Астана процессине байланыштуу 17 -  жыйын көпкө созулган тыныгуудан кийин Түркия, Россия жана Ирандын катышуусу менен өткөрүлдү. 2021 – жылдын 21 – 22 – декабрында Нур Султанда Сирия тууралуу жогорку деңээлдеги жыйында Сириядагы жалпы абал, терроризм жана жикчилдер менен күрөш жана качкындардын кайра кайтышы каралды.

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Сирияда  бир канча убакыттан бери олуттуу аскердик кыймыл болбогону менен саясий чечүүчү жол процессинде бир тоскоолдуктун болушу мүмкүн эле. Мындай бир конъюнктурада Түркия, Россия жана Иран делегациялары узак убакыттан кийин Нур    Султанда 17 -  жыйын  үчүн кайрадан жолугушту. Сириядагы абал каралып, тараптардын позицияларында азырынча бир өзгөрүүнүн болбогондугу байкалууда. Жыйындан кийин берилген маалыматта : «Саясий  чечүүчү жол процессиндеги акырыкы абалдар, Идлиптеги абал, гуманитардык жардамдар жана терроризм менен күрөшүү темалары каралды»,- деп билдирилди. Ошондой эле : «Тараптар террор менен күрөшүү деген шылтоо менен турмушка ашырылууга аракет кылынган мыйзамсыз өзүн - өзү башкаруу аракеттери кабыл алынгыс экенин баса белгилешти. Евфрат дарыясынын чыгышында жикчил террордук уюмдардын жарандарга карата кол салууларынын жана кысымынын күчөшүнөн терең тынчсызданганыбызды билдирип, ушул алкакта ПКК/ЙПГ террордук уюму менен күрөшүүдө чечкиндүүлүгүбүз баса белгиленди»,- деген сөздөр өзгөчө мааниге ээ болууда.  

Түркия Россия менен Ирандын террордук уюм ПКК/ЙПГга карата эки жактуу саясатынан олуттуу түрдө тынчсызданууда. Россиянын Сирия режими менен ПКК/ЙПГ ортосунда жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү Түркиянын ыктымалдуу аскердик кыймылдарына каршы туруу аракети Түркиянын шектенүүлөрүн да ушул багытта арттырууда.

Террордук уюм ПКК/ЙПГ азыркы учурда Евфраттын чыгышында 45 – 50 000 километр квадраттык аянтты көзөмөлгө алып, бул аймактарда өзгөчө Түркия чек ара тилкелеринде Россия жана режим күчтөрү да ПКК/ЙПГнын террористтери менен шериктештигин улантууда. Түштүктө болсо АКШ аскерлери турат. Евфраттын батышында Тель Рыфат жана Манбижде да ушундай эле көрүнүш. ПКК/ ЙПГ элементтери бул аймактарды Түркия көзөмөлгө алган аянттарга карата террордук кыймылдар үчүн колдонууда жана кээ кээде түздөн түз түрк аскерлерине карата да террордук кол салууларды аткарууда. Түркиянын азыркы учурдагы абалды кабыл алышы мүмкүн эмес. Мындан мурда президент Эрдогандын да айтканындай же бул аймактардагы террордук элементтер толугу менен Россия жана режим тарабынан тазаланат  же Түркия түздөн түз бир аскердик кыймыл жасайт.  

Россия Түркиянын жоопкерчилиги жана террордук уюм ПКК/ЙПГге тууралуу улуттук коопсуздугуна карата коркунучтарын түшүнүү менен бир иш - аракет багытын кабыл алышы керек, антпесе Сирияда бир чечимге келүү, жоготуулардан чыгуу  мүмкүн эмес.



Тектеш кабарлар