Түркия менен Бириккен Арап Эмирликтеринин мамилелеринин калыбына келиши

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу Мурат Йешилташтын пикири.

1742993
Түркия менен Бириккен Арап Эмирликтеринин мамилелеринин калыбына келиши

Бириккен Арап Эмирликтеринин лидери Мухаммед бин Зайед Ал Нахяндын  Түркияга жасаган сапарынан кийин бир топ байкоочу Түркия -  Булуң карым  - катнаштарынын келечегин талкуулай башташты. Зайеддин Түркия сапары 2011 -  жылдан бери эки башка лагерге чачылган жана айыгышкан күрөш жүрүп жаткан эки өлкөнүн карым  - катнаштарында келген жерди көрсөтүү жактан көңүлдөрдү бурууда. Сапар менен бирдикте тараптардын ортосунда 10 миллиард долларга жеткен соода жана инвестиция келишимдеринин түзүлүшү болсо карым  - катнаштардын келечеги жактан бир көрсөткүч мүнөзүндө болуп жатат. Саясий жактан акыркы он жылда бири бирине карата катуу саясаттарды жүргүзгөн эки өлкөнүн экономикалык карым  - катнаштары бул катуулуктан жаракат албаса да сапардын аймактын келечеги  жактан мааниси чоң.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу Мурат Йешилташтын пикири.

Эки өлкө бир канча убакыттан бери жакындашуу багытында өз ара кадамдарды таштаган. Бирок эч ким калыбына келүүнүн мынчалык ылдам болорун  күткөн эмес. Бул жакындашуунун артында эки тарап үчүн да айрым себептер бар. Сапар баарыдан мурда аймактык жана глобалдык алмашуунун түздөн түз бир жыйынтыгы эле. АКШдан Байден башкаруусунун Жакынкы Чыгыш жана Булуң тууралуу Трамп мезгилинин  саясаттарын кайра карап чыгышы эң башта Бириккен Арап Эмирликтери менен Булуң өлкөлөрүнүн тынчын алды. Байден бийликке келери менен Трамптын Бириккен Арап Эмирликтери жана Сауд Арабияга сунуштаган «бош чек» саясатын жокко чыгарды. Байден өзгөчө атомдук саясатынан улам Трамп мезгилинде Иранга карата жасалган «толук кысым» саясатынан да баш тартып, бул абал Иранга каршы алсыз болгон Булуң өлкөлөрүн изденүүгө түрттү. Буга жооп катары региондогу өлкөлөр башка регион өлкөлөрү менен чыңалууну азайтууну чечишти. Болгондо да Сауд Арабия жана Бириккен Арап Эмирликтеринин ортосунда бир канча убакыттан бери келе жаткан жана Йемен тууралуу дагы ачык түрдө ортого чыккан келишпестик эки Булуң өлкөсүнүн ортосундагы  шайкештикти  да бузду. Тышкы саясатында абдан прагматик жана реалдуу болгон Бириккен Арап Эмирликтери бул абалды Түркия менен жакындашуу үчүн бир мүмкүнчүлүк катары көрдү жана башка регион өлкөлөрүнөн мурда аракет кылып Анкара менен болгон чыңалуу дипломатиясынан баш тартып калыбына келүү үчүн кадам таштады. Албетте аймактагы калыбына келүү толкуну Катарга карата блокада саясатынын акырына чыгарылышы менен эле башталган.

Түркия үчүн да калыбына келтирүү үчүн акылга сыярлык негиздер бар. Анткени муну бир жактуу процесс катары кароого болбойт. Анкара бир канча убакыттан бери кагылышуу болуп келген регион өлкөлөрү менен да  калыбына келүүнүн жолун  издеп жаткан. Египет, Израиль жана Сауд Арабия менен жылыштар болгонуна карабастан толук бир жыйынтык чыга элек.

Бириккен Арап Эмирликтери менен калыбына келүү башка өлкөлөр менен салыштырылганда дагы ылдам ишке ашты жана Түркия бул тууралуу «ачык дипломатиянын»  алдына бөгөт коюну тандаган жок. Анткени Анкара өзүнө каршы региондо акыркы убактарда  пайда болгон блокаданы бузуу аракетинде. Буга  Анкаранын учурдагы позициясынан жол бербестен, Греция менен Түштүк Кипрдин айланасында түзүлгөн биримдикти таркатуу боюнча изденүүнүн бир бөлүгү катары кароо керек. Бириккен Арап Эмирликтери менен жакындашуу ушундай мезгилде ишке ашты.

Эми жообу изделген негизги суроо бул калыбына келүүнүн жакындашууга себеп болуп же болбой тургандыгы. Бириккен Арап Эмирликтери менен Түркия, Ливия, Египет менен Сирия сыяктуу темаларда башка саясий түшүнүккө ээ экендиги шексиз.

Бирок Бириккен Арап Эмирликтери менен калыбына келүү Түркиянын Египет жана Сауд Арабия менен жакын байланышта болушуна мүмкүнчүлүк түзө алат жана ошондо  региондук чыңалуулар бир  бирден чечиле алат. Булардын баарынын болушу үчүн 2022 -  жылдын  биринчи чейрегин күтүү керек.



Тектеш кабарлар