Бириккен Улуттар Уюмунун кризиси

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөлөрү боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1717202
Бириккен Улуттар Уюмунун кризиси

Суук согуштун акырына чыгышы менен БУУ глобалдык башкаруу системасында дагы көбүрөөк борбордук орунга ээ болгону менен, эл аралык системанын алмашуусуна  параллель алмашууга учураган жок.

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөлөрү боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Бир уюлдуулук себеп болгон, борбору  АКШ болгон глобалдык системада БУУ стратегиялык  мекеме эмес, тактикалык түзүлүшкө айланды. Адамзаттык кийлигишүү тууралуу алдыга чыкса да Балкандарда серб геосаясий дымактарынын агрессиясына жана Африкада этникалык тазалык саясататрына карата таасирсиз болду. Босния  -  Герцеговиналык 8000 мусулмандын  Голландиянын көзөмөлү астындагы БУУнун аймагында этникалык геноцидге учуратылышы, БУУ системасынын кандай кризисте экендигин көрсөттү. Косоваодо БУУнун ордуна НАТО кийлигишип дагы чоң геноциддердин алдынын тосулушу БУУдагы вето системасынын эмне ишке жараганын да көрсөттү.

Суук согуштан кийин болгон глобалдык өлчөмдөгү геосаясий, саясий, коопсуздук, экономикалык жана коомдук үзгүлтүктөрдөн улам пайда болгон глобалдык башкаруу кризиси БУУнун "кемчиликтеринин" дагы ачыкка чыгышына себеп болду. Бүгүн БУУ өз тарыхында болуп көрбөгөндөй терең кризиске туш болууда. БУУнун түптөө философиясына түздөн -түз чакырык таштаган бул кризис уюмдун мыйзамдуулугуна карата ар тараптуу суроо жаратууда.

Легитимдүүлүк кризисинин  негизинде БУУнун ошончолук геосаясий жактан алмашууга карабастан беш тараптуу түзүлүшкө калтыруу жатат. Глобалдык система Суук согуштан кийин терең бир алмашуу менен бетме  - бет жана бул алмашуу беш өлкөнүн өз пикирин сактап калуунун мүмкүн эмес экендигин көрсөтүүдө. Көп уюлдуу жана көп борбордуу эл аралык система өз тагдырын беш өлкөнүн чечимине калтырууну каалабаган өсүп келе жаткан күчтөр тарабынан калыптанууда. Бул абал БУУнун учурдагы геосаясий күчтөрдүн балансын чагылдыруудан алыс экенин көрсөтөт. Бир тараптан караганда БУУ терең өкүлчүлүк кризисине туш болууда. Бул маданий жактан көп маданияттуулуктан  алыс жана Батышка багытталган мүнөзгө ээ. Натыйжалуулук маселеси БУУнун азыркы абалында улантуусуна  мүмкүндүк бербейт.  Эл аралык кризистерде өз убагында чара көрбөгөн, кризистин тереңдешине мүмкүнчүлүк берген жана кризистерди чечүүнү кызыкчылыктарына калтырган БУУдан сөз кылууга болот.

Ачыктык БУУ бетме  - бет келген мыйзамдуулук проблемасын курчутууда. Чечимдердин кабыл алынышы жана кризистердин мүнөзүнө туура келбестиги БУУнун акырындык менен ачык уюм болуудан алыстап баратканын көрсөтүүдө. Мындай структура үчүн глобалдык системаны турукташтыруу кыйын, ошондой эле мамлекеттерден өз чечимдерин чыгаруучу механизмдерди курууну талап кылууда.

Глобалдык системанын өзгөчө да Ковид  - 19  эпидемиясынан кийинки сокку Суук согуштан бери эл аралык саясаттын мүнөзүндө кенен бир алмашуунун алында экенибизди көрсөтүүдө. Бул алмашуу бир гана күчтөрдүн бөлүштүрүүнү кайрадан жөнгө салуу деген эмес, күчтүн оордук борборунун да Батыштан Чыгышка карай жылышын билдирүүдө.

Батыштын геосаясий үстөмдүгүндө өткөн  эки жүз жылдык геосаясий доор Чыгыштын геосаясий тең салмактуулугу менен жаңы геосаясий доордун жаралышына алып келиши мүмкүн. Күч бөлүштүрүүнүн жана геосаясий  тартип түп тамырынан бери өзгөрө турган бирок өткөн мезгилдерден айырмаланып гибриддик глобалдык система ортого чыга турган бир мезгилде  БУУну реформалоо баарынан маанилүү жана шашылыш маселе. БУУнун легитимдүүлүк кризиси, эгерде ал глобалдык бийликти бөлүштүрүүнү эске албаса жана глобалдык проблемаларды өз убагында эффективдүү жана адилеттүү чече албаса дагы да күчөйт. Бул кризис учурдагы эл аралык укук тартибинин чегинде альтернативалуу ченемдердин пайда болушуна жана параллель укуктук ааламдын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Учурда альтернативдүү аймактык түзүлүштөрдүн саясат, экономика жана коопсуздук огунда кабыл алган чечимдери регионалдык борборлоштурулган ченемдер БУУнун борборунда болгон ченемдердин ордуна келе баштаганын көрсөтүүдө. Башка жагынан алганда, улуттар аралык структура катары БУУнун ордуна альтернативалуу аймактык уюмдардын түзүлүшү БУУнун толугу менен жок болушуна же натыйжасыз болушуна себеп болушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар