Анадолунун алгачкылары - 11. 2021

Анадолунун философтору.

1640399
Анадолунун алгачкылары  - 11. 2021

Бир мезгилде атомду «бир нерсенин эң кичинекей жана бөлүнгүс бөлүгү» деп аныкташты. Андай болсо сиздин оюңузча качан? Жалпы ишенимге каршы атом жакынкы доордун ачылыштарынын бири эмес жана бул аныктама да жакынкы доорго таандык эмес. Азыркы учурда атом мындай аныкталбайт. Атомду бүлүнгүс деп аныктагандар байыркы доордун ойлчулдары эле. Бардык нерсенин маңызын издөө пикири байыркы доордун жана философиянын жети акылманынын бири катары тарыхка өткөн Фалес менен башталат. Фалес милеттик болгон. Бүгүнкү күндөгү Айдын облусунун байыркы аты Милет. Фалестен мурда иониялыктар бардык нерсенин кудайлар тарабынан пландалып, башкарылганына ишенишкен. Фалес болсо табият кубулуштарын адам  формасындагы кудайлар менен аныктоонун ордуна байкоолор менен чындыктарга жетүүгө аракет кылды. Илимий ойдун пайда болушунда балким да алгачкы кадамды Фалес таштады. Бардык нерсенин негизги материалынын жана негизинин эмне экендигине кызыкты жана  мифологиялык түшүндүрмөлөргө  канаатанган жок. Суунун табияттагы таасирин изилдеди. Байкоо жана акылга негизделген түшүндүрмөлөрдүн акырында табияттагы бардык нерсенин негизине байланыштуу бир пикирди билдирди. Фалес пикирлерин жазууга түшүрбөгөндүктөн ал тууралуу маалыматтарга байыркы философиянын эң ишенимдүү булактарынын бири болгон Аристотелден маалымат алабыз. Аристотел Фалестин бул иликтөөлөрүнүн акырында «бардык нерсенин маңызынын суу экендиги, бардык нерсе суу менен башталат» деген сунушту айтканын билдирет. Бүгүн бул пикирдин туура эмес экендигин билебиз. Бирок Фалестин ал «алгачкы», ал «маңызды» издеши жана анын философиянын атасы  катары аталышына түрктү берип, анын артынан келгендер  теманы дагы терең иликтеп, маселени  атомдорго чейин алып келет.

Фалестен кийинки философтор Анаксимандрос менен Анаксименес да милеттик болгон. Негизинен   бул аты аталган философтор тарыхта билинген алгачкы философия мектебинин  өкүлдөрү.  Тарыхтын бул алгачкы философия мектеби да Анадолунун  батышындагы Милетте курулат жана бул мектеп  байыркы грек философиясынын  алгачкы борбору болуп кабыл алынат. Фалес, Анаксимандрос жана  Анаксименес «Иония мектеби» деп да билинген «Милет мектебинин» ой салтын түзгөн философтор.

Фалес сууну изилдегенден кийин суунун өлүү эмес, терсине өмүр берген, ар кандай формага кирип, бардык жерге жете алган зат катары аныктайт. Сууну байкап жатып климат менен көк жүзүн да иликтейт. Жылдыздарды карап багытты табуу, магниттин тартуу  күчү сыяктуу темаларда иштейт. Айлана жана бурчтар боюнча теорияларды чыгарат. Милеттик Фалес  философ болуу менен бирге математик, астроном жана «алгачкы суу инженери».  

Фалестен кийинки Милет мектебинин экинчи философу Анаксимандрос. Өмүр баяны тууралуу билбесек да чыгармалары тууралуу маалыматтар бар. Анткени Анаксимандрос Фалестен айырмаланып ойлорун жазууга түшүрүү салтын баштаткан философ. Табият философу жана табият изилдөөчүсү болгон Анаксимандрос байкоолордун негизинде көз караштарын билдирген. Тактап айтканда көрүнбөгөн, кыялдагы элементтердин ордуна  табияттын көрүнгөн жүзүнө караган. Ал да турмуштун суу менен башталганы тууралуу ойду жактырган. Бир убактар бардык кургактыктын суу астында  болгонун, мезгили менен суулар тартылып кургактыктын чоңойгондугун айтыпыр. Сууда башталган турмуштун кургактыкта улантылгандыгын  ортого салган. Күн саатын таап, ай менен күндүн тутулушу жана жер титирөөлөрдүн себебин изилдеген. Анаксимандростун дагы бир өзгөчөлүгү бар. Дүйнө картасы менен бирге жердин бир моделин жасоого аракет кылган алгачкы адам. Анын оюу боюнча жер туурасы узунунан чоң бир цилиндир формада болгон жана дүйнөнүн борбору.

Милет мектебинин акыркы философу Анаксименес... Ал да милеттик. Дүйнөнүн, абанын түрдүү формага кириши менен пайда болгондугун айтат.  Зат тууралуу түшүнүктү ортого салган философ. Андан кийин төрт негизги элемент катары кабыл алынган аба, суу, жер жана от тууралуу темаларды биринчи жолу колго алган киши да Анаксименес.

Милеттен алыс эмес жерде туулуп-өскөн ефестик Гераклит дагы бир иониялык философ. Ал кылдат жана сынчыл стилде жазгандыгы үчүн  байыркы доордо ал тууралуу "Караңгы Гераклит" дешчү экен. Ал бул ааламдын дайыма өзгөрүү ичинде экендигин ортого салат. Бул пикирди бүгүн да колдонгон «Бир эле дарыяда эки жолу жуунууга болбойт» деген сүйлөм менен айткан киши да Гераклит.

Милеттик философтор булар менен эле чектелбейт. Иония мектебинен кийин милеттик Демокрит менен Левкипп да бардык нерсенин маңызын түзгөн алгачкы негизги зат тууралуу иштешкен. Негизги деп кабыл алынган 4 элементтин тактап айтканда аба, суу, жер жана оттун кичинекей бөлүктөргө бөлүнө аларын айтышат. Зат  көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей жана бөлүнбөс бөлүкчөлөрдөн турат деген жүйөнү ортого салышып, бул бөлүкчөлөргө «бөлүнбөс» дегенди билдирген «атомист» деп аташат. Ушундайча Левкипп менен Демокрит «атомисттер» деп аталган агымды башташат. Атомисттердин оюна караганда  ааламдагы бүт нерселер сезүү органдары кабылдай албаган жана  бөлүүгө мүмкүн болбогон кичинекей атомдордон турган. Атомдор чексиз болгон жана мейкиндикте кыймылдашкан. Атомизм илимге болжол менен 2500 жыл мурун жаңы дисциплинаны, башкача айтканда, бүгүнкү физиканын пайдубалынын түптөлүшүнө салым кошкон.  

1800-жылдардын аягында жана 1900-жылдардын ортосунда атом эң кичинекей бөлүкчө эмес, субатомдук бөлүкчөлөр деп аталган электрондордон, протондордон жана нейтрондордон тураары далилденди. Физика дүйнөсүндөгүлөрдүн ойлорунда жаңы бир суроо пайда болду: "Бул субатомдук бөлүкчөлөрдү да бөлсө болобу?" ... Ошентип физиктер чоң кызыгуу жана толкундануу менен изилдөө иштерин башташты.

Бир канча  убакыттан кийин, изилдөө натыйжасын берип, атомдун түзүлүшүндөгү ошол кичинекей протон менен нейтрондор бөлүнбөс болуп чыкты. Бүгүнкү күндө, атомдор жөнүндө сөз кылганда, "кварктар жана лептондор" жөнүндө сөз болуп, эми физиктерди толкундаткан жаңы бир суроо пайда болду: "Кварктар жана лептондор майдаланып кетиши мүмкүнбү же алардан да кичинекей бөлүкчөлөр барбы?"

Адамдын илимий изилдөөлөрү биздин замандан 600 жыл мурда, заттардын түзүлүшүн  табуу жана түшүндүрүп берүүнү каалоосу менен бул жерлерде башталды.  Фалес да мифтерге каршы чыгып, табият кубулуштарын байкоого таянган билим менен ачыктоого аракет кылды. Буну менен ой, рационалдуулук жана илимий бир мүнөзгө ээ болот. Мифологиялык көз караш артта калып жатты. Башка көз карашка карама-каршы келген бул жаңы көз-караш адамзаттын ааламды түшүнүүсү үчүн жаңы теорияларга жол ачты.

Батыш Анадолудагы Милет мектебинде табиятты байкоо менен аалам тууралуу түшүндүрүүгө аракет кылды анадолулук философтор. Ошондуктан Милет бүгүнкү аты менен Айдын  билимдин борбору деп аталды. «Затты түзгөн эмне жана затты эң кичинекей  бөлүктөргө бөлүүгө болобу?» деген суроо авантюрага айланып, позитивдүү илимге жол ачты. Фалес менен башталып, Лейкиппос менен уланган процесстеги философтор далилдүү илимдин баштоочулары катары кабыл алынды. Галилей, Ньютон, Эйнштейн жана башка окумуштуулардын изилдөөлөрүн, теорияларына илхам булагы болуп, багыт берди. Анадолунун философтору бардык адамзаттын тагдырында маанилүү роль ойноду.

Урматтуу окурмандар, бүгүн тарыхта алгачкы философия мектеби болгон Милет мектебинен жана позитивдүү билимдин жолун ачкан Анадолу философторунан сөз кылдык.

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.

 

 

 



Тектеш кабарлар