Дүйнөлүк басма сөз 27.08.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1698218
Дүйнөлүк басма сөз 27.08.2021

Le Monde: Франциянын премьер-министри Жан Кастекс Франциянын Ооганстандан эвакуациялоо иштеринин жума күнү кечинде аяктарын билдирди.

Le Figaro: Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 110 адам каза болду, 2 миң 261 адам реанимацияда.

France 24: Пари Сен-Жермен Чемпиондор Лигасынын чүчү кулак тартуусунда мыкты командалардын тобунда орун алды. Франциянын өкүлү "А" тайпасында "Манчестер Сити", "РБ Лейпциг" жана "Клуб Брюге" командалары менен беттешет.

al-Dustur (Иордан гезити): Иордания Ооганстандагы террордук кол салууларды айыптады.

Аль Кудс Аль Арби (Араб-британ гезити): Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Кабулдагы кол салууну уюштургандарды коркутуп: «Биз силерди таап, жоопко тартабыз»,-деди.

Аль Рая Аль Катария (Катар гезити): Катар Кабул аэропортундагы кол салууларды айыптады жана каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Bild гезити: Ооганстандагы жардыруудан 13 америкалык аскер каза болду. Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жо Байденден террористтерге: «Биз силерди табабыз»,-деди.

Spiegel: Ооганстандагы жардыруудан кийин АКШдагы желектер ылдый түшүрүлдү.

Handelsblatt: Европанын Борбордук банкы, Евро аймагында орто мөөнөттүү жогорку инфляция байкалышы мүмкүн экенин билдирди.

RBK (жаңылыктар сайты): Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги, коронавируска каршы бешинчи россиялык вакцинаны колдонууга уруксат берди.

"Коммерсант" гезити: Казакстанда аскердик жайда болгон жарылууда 4 адам каза болуп, 90 адам жаракат алды.

RT (жаңылыктар сайты): Россиянын Башкортостан Республикасында бир айыл өрттөндү: Буздякский районундагы өрт талаалардан үйлөргө жайылды.

El País: Испания Ооганстандан эвакуацияны ушул жума күнү бүтүрүүнү пландап жатат.

El Mundo: АКШ Кабул аэропортундагы кыргындан кийин ДЕАШ кол салууларына каршы даярданууда.

Telesur, Венесуэла: Куба Ковид-19га каршы болжол менен 12,9 миллион вакцинаны колдонду.



Тектеш кабарлар