Дүйнөлүк басма сөз 26.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Европанын Адам укуктары соту, Францияда өрт өчүрүүчүлөрдүн коронавируска (Ковид-19) каршы эмделүү милдетин жокко чыгаруу өтүнүчүн кабыл алган жок.
Le Figaro: Франциядагы президенттик шайлоого байланыштуу сурамжылоого караганда, Марин Ле Пен менен Эммануэль Макрон алдыда.
France 24: Футбол: Пари Сен-Жермендин спорттук директору Леонардо Араужо, Килиан Мбаппе үчүн "Реалга" "жок" деди, бирок ал кеткиси келсе "өзүн кармабайт".
Алжазира: Миллиондогон афгандар ачарчылыктын алдында турат... Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы коңгуроо кагып жатканда, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму өлкөдөгү коронавирусту (Ковид-19) талкуулап жатат.
Eldustour: Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму: «Коронавирустун (Ковид-19) жайылуу ылдамдыгы турукташа баштады».
Elraya: Катар Ооганстандагы дипломатиялык аракеттерин күчөтүүдө.
El Mundo: (Испания) Испанияда жаңы окуу жылында "окуучулардын сабакка максималдуу катышуусу" жана парталардын ортосундагы аралыкты алыстатуу камсыздалат.
TeleSur: (Венесуэла) Кубадан келген жаңы медициналык топ жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы саламаттыкты сактоо кызматтарына катышуу үчүн Гаитиде.
Deutsche Welle: Германиянын канцлери Ангела Меркелдин айтымында, Ооганстандагы жетишкендиктерди сактап калуу үчүн талибдер менен диалог жүргүзүлүшү керек.
ТАСС агенттиги: Орус илимпоздорунун маалыматы боюнча, Камчатка жарым аралындагы Шивелуч вулканы жанданууда.
ТАСС агенттиги: Орусиянын улуттук авиация жана космос агенттигинин (Роскосмос) башчысы Дмитрий Рогозин, 5-октябрда өткөрүлө турган Союз MS-19ду учуруу аземине Илон Маск, Ричард Брансон жана Жефф Безосту чакырарын айтты.
РБК: Ооганстанга эвакуация максатында жөнөтүлгөн 4 орус учагы Подмосковье аэропортуна конду.