Дүйнөлүк басма сөз 25.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль Кудс Аль-Араби (Араб-британ гезити): Батыш Шерианын түндүгүндө Израиль аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн (15 жаштагы) палестиналык жаштын сөөгү жерге берилди.
Аль Рая Аль Катария (Катар гезити): Катар, чыга албай калган адамдарды Ооганстандан эвакуациялоо үчүн маанилүү транзиттик пункт болуп саналат.
Tagesschau: Германиянын Ишке орноштуруу агенттигинин башчысы Детлеф Шееле Германиянын жылына 400 миң иммигрантка муктаж экенин айтып, өкмөттү көбүрөөк иммигранттарды кабыл алууга чакырды. Шееле: «Германиянын жумушчу күчү азайып баратат»,- деди.
Welt гезити: G7 саммити – Германиянын канцлери Ангела Меркель: «АКШсыз Кабулдан эвакуацияны уланта албайбыз» деди.
Deutsche Welle: Талибдер оогандардын өлкөдөн чыгуусуна уруксат берилбей турганын билдиришти.
Le Parisien: Covid-19: Жаңы изилдөөгө караганда, Delta вариантына каршы Pfizer жана Moderna вакциналарынын эффективдүүлүгү 66 пайызга чейин төмөндөдү.
Le Figaro: Дүйнөлүк банк Ооганстанга жардам берүүнү токтотту, аялдардын абалына тынчсызданып жатат.
Le Monde: Франциянын Мартиника аралында COVID-19 менен күрөшүү максатында толук жабылуу дагы үч жумага узартылды.
La Vanguardia (Испания): (АКШнын президенти Жо) Байден сындоолорго карабастан 31-августта Кабулдан чыгып кетүүнүн бүткөрүлүшүн талап кылууда.
Infobae (Аргентина): Уругвай калкынын 70 пайызы коронавирустук вакцинанын эки дозасын алышты.
El Nacional (Венесуэла): Ковид-19дун (белгилерин) алдын ала айта турган молекулярдык механизм аныкталды.
Gazeta.ru: Талибандын Катардагы кеңсесинин өкүлү, талиптердин Орусия жана Кытай менен жакшы мамиледе экенин билдирди.
Regnum агенттиги: Россиянын мамлекеттик карызы 2021-жылдын 6 айында 20,4 триллион рублга жетти. (ички дүң продукциянын 17,7%).
ТАСС агенттиги: Россиянын Коргоо министрлиги, президент Владимир Путиндин көрсөтмөсү боюнча Россия, Украина жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин 500дөн ашык жаранын Ооганстандан эвакуациялайт.