Дүйнөлүк басма сөз 24.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган Ооганстан боюнча тыгыз дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Аль-Ватан (Оман): Ооганстанда Кабул аэропортундагы башаламандыктан көптөгөн балдар каза болуп, көп сандаган балдар да дайынсыз жоголду.
Аль-Земан (Ирак): Америкалык жана европалык булактар Ооганстандагы эвакуацияларды өз убагында бүтүрүү мүмкүн эместигин билдиришсе, талибдер мөөнөтүн узартуудан баш тартышууда.
Deutsche Welle: Ооганстандагы немис жана жергиликтүү кызматкерлердин эвакуациясынын кечеңдешине байланыштуу сынга алынган Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр, "чечимдердин жоопкерчилигин алууга даяр экенин" айтты.
Tageschau: АКШ менен Германия чукул баш калкалоочу жайларды пландап жатышат. Ооганстандан эвакуацияланган 4000ге жакын адам Бавария жана Рейнланд-Пфальцтагы АКШнын базаларына убактылуу жайгаштырылышы мүмкүн.
Le Figaro: Францияга алынып барылган беш ооган жараны, талибдер менен байланышы бар деген негизде суракка алынды.
Le Parisien: (Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын билдирүүсүнө ылайык) сентябрдан баштап Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасы 65 жаштан ашкан адамдарга берилиши мүмкүн.
Российская газета: Россиянын Тышкы иштер министрлиги: «Россия, Украинанын аймагы аркылуу газ транзитсиз да максаттарына жете алат».
RBK: 2021-жылдын январь-июль мезгилинде Түркияга 1,55 миллиондон ашуун орусиялык турист келди.
El País, Испания: Испанияда окуу жылы сентябрь айында орто жана жогорку класстын окуучуларынын жарымынын эмделиши менен башталат.
El Mundo, Испания: АКШ Pfizer жана BioNTech вакцинасына толук макулдук берди.
Telesur, Венесуэла: Аргентина дүйшөмбү күнү Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) 4.355 миллион доллар алды.