Дүйнөлүк басма сөз 19.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Дустур (Иордания гезити): Ооганстандан чыгып кетүүдөн кийин АКШнын президенти Жо Байден менен Американын популярдуулугу төмөндөдү.
Аль-Кудс аль-Араби (Араб-британ гезити): Ооганстандын мурунку президенти Ашраф Гани Бириккен Араб Эмирликтеринен жарыялаган билдирүүсү менен кан төгүүнү болтурбоо үчүн Кабулдан чыгып кеткенин жана жанында акча алып кетти деген айыптоолорду четке какканын айтты.
Аль-Кудс аль-Араби (Араб-британ гезити): АКШ аскерлери, Кабул аэропортундагы элди көзөмөлдөө үчүн асманга ок чыгарышты.
Zdf: Германия Ооганстандан 600дөн ашык адамды эвакуациялады.
Dpa: АКШ: Жарандарды эвакуациялоо үчүн Талибан менен макулдашты.
Ard: АКШда Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасын саюу процесси 20-сентябрда башталат.
La Jornada (Мексика): Мексика өкмөтү, Ирандагы элчилиги аркылуу афган качкындарын кабыл алуу ишин баштады.
El Comercio (Перу): Колумбиялык жалданма аскерлер Гаитинин президентин кантип өлтүрүшкөнүн мойнуна алышты. Алар кол салуу тууралуу баарын айтып беришти.
Le Parisien: Ковид-19: Алжир менен Марокко ишембиден баштап Франциянын кызыл тизмесине киришет.
Le Figaro: Франциянын Вар аймагындагы өрт: Шамал жана кургакчылык өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин кыйындатууда.
France 24: Ковид-19: ДССУ (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) вакцинанын үчүнчү дозасы азырынча талап кылынбайт деп жарыялады.
Lenta.ru: Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган аптанын аягында Россиянын президенти Владимир Путин менен Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын айтты.
"Российская газета": Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын сотун "пландалган чагымчылдык" деп сыпаттады.
РИА Новости: Орусиянын Астрахань облусунда МиГ-29 тибиндеги учак машыгуу учуусунда кырсыкка учурады.