Дүйнөлүк басма сөз 30.06.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Дустур (Иордания гезити): Европа Биримдигинен башпаанек сурап кайрылгандардын саны 2020-жылы 32 пайызга азайды.
Аль-Кудс Аль-Араби (Араб - Британ гезити): Пакистандын Бириккен Улуттар Уюмунун карамагындагы миссиясы, Кудс Аль-Арабиге жасаган билдирүүсүндө, ноябрь айында Пакистандын расмий өкүлү Израилге жашыруун сапар менен барган деген маалыматты четке какты.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар гезити): Израиль Кудста үйлөрдү бузуу иштерин улантып жатат.
Deutsche Welle: Түрк туризминде көрүнүктүү жандануу бар. Июль айында германиялык жана британиялык туристтердин агымы күтүлүүдө.
Zeit: Германияга көчүп баргандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 24 пайызга азайды.
Welt: Ирландия дельта мутациясына байланыштуу "нормалдаштыруу" планын 5-июлга жылдырып жатат.
Le Monde: Франциянын Сенаты терроризмге жана чалгындоо иштерине каршы күрөштү күчөтүүчү мыйзам долбоорун жактырды.
Le Figaro: 2023-жылдан баштап Франция кайрадан парацетамол чыгара баштайт.
Le Parisien: Медицина: Франциянын президенти Эммануэль Макрон изилдөө жана инновация боюнча бир нече миллиард евролук планын жарыялады.
La Vanguardia (Испания): Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Каталониянын лидери Пере Арагонес диалог боюнча макулдашышты.
Infobae (Аргентина): Modernna лабораториясынын негиздөөчүсү: «Коронавирус Ухань лабораториясынан чыкты»
Prensa Latina (Куба): Куба Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен иммиграциялык сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышын күтүп жатат.
РБК: Гватемала Россиядан Sputnik V вакцинасы үчүн төлөнгөн авансты, жөнөтүүнү кечиктирип жаткандыгына байланыштуу кайтарып берүүнү суранды.
BFM.RU: Россиянын реактивдүү учактары, Кара деңизде Крым жарым аралынын жанындагы Керч кысыгына жакын келген Нидерландия желектүү Эверцен кемесин ал жерден алыстатышты.
ТАСС: "Союз" ракетасы Казакстандагы Байконур базасынан Эл аралык космос станциясына "Прогресс МС-17" жүк кемеси менен кошо учурулду.