Дүйнөлүк басма сөз 15.06.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Түрк аскерлери Ливияда чет элдик күч эмес».
«Жаңы жашоо» гезити (Палестина - Батыш Шериа): Ондогон түрк жана палестиналыктар мурунку күнү НАТОнун саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган президент Режеп Таййип Эрдоганды тосуп алышты.
Аль-Ватан (ОМАН): Израиль Нетаньяху мезгилин жаап, жаңы өкмөттү жетектей турган Нафтали Беннетт менен жаңы барак ачты.
La Razón (Испания): Испания 2022-жылы НАТОнун лидерлеринин саммитин өткөрөт.
El Universal (Мексика): АКШ жетекчилиги, кылмыштуулуктун курмандыгы болгон иммигранттардын иштөө уруксатын кеңейтет.
El Comercio (Перу): Перуда шайлоодон бир жумадан кийин борбор шаар Лиманын көчөлөрүндө уюлдашуу байкалды.
Deutsche Welle: АКШнын президенти Жо Байден: «Эрдоган менен позитивдүү жана жемиштүү» жолугушуу өткөрдүк.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.
Le Parisien: (Франциядагы секуляризм) Сентябрь айында мектептер ачылгандан тарта бардык мугалимдер үчүн формация планы даярдалды.
Le Figaro: Канадалыктардын көпчүлүгү коронавируска (Ковид-19) каршы вакциналарды дүйнө жүзү менен бөлүшүүнү каалабайт.
Le Monde: Ковид-19: Францияда өспүрүмдөргө эмдөө бүгүн белгилүү бир шарттарда башталды.
ТАСС: Россиянын президенти Владимир Путин АКШ менен туткундарды алмашуу маселесин талкуулоого даяр экендигин билдирди.
Коммерсант: Дания Россия Федерациясынын учактарынын чек араны бузгандыгына байланыштуу Россиянын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакыртты.