Дүйнөлүк басма сөз 2.03.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Дустур (Иордания гезити): Жөөт тургундар Акса мечитинин алдында колдорунда ичимдик (бөтөлкөлөрү) менен бийлеп, талмуд ырым-жырымдарын өткөрүштү.
Ал-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): (Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын сотсуз жана мыйзамсыз өлүм жазасына тартуу боюнча атайын баяндамачысы Агнес) Калламард: "Америка Кошмо Штаттарынын Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды Жамал Хашогги кылмышынан улам жоопко тартпашы кооптуу" деди.
Аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Израилдеги биринчи элчиси болуп дайындалган (Мухаммед Махмуд Аль Хака) ишеним грамотасын Израилдин президентине (Reuven Rivlin) тапшырды.
Аль Рая Аль Катария (Катар гезити): Судан: (Судандын порт шаары) Порт Суданга Американын дестроери келди.
Ле Фигаро: (Франциянын президенти) Эммануэль Макрон бүгүн кечинде президент Режеп Таййип Эрдоган менен видеолуу сүйлөшөт.
Le Soir: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымына караганда, коронавирус жылдын аягына чейин токтобойт.
Le Monde: Kovid-19: Европа Комиссиясы ушул айдын ичинде вакцина паспорту долбоорун сунуштайт.
Deutsche Welle: Германияда коронавирустук чаралардан кийин кайрадан ачылган чачтарачтарга чоң кызыгуу болуп жатат.
Tagesschau: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирустун жугуштуулугу дүйнө жүзү боюнча көбөйүүдө.
ТАСС: Рейтер агенттиги АКШнын 2-мартта оппозициячыл Алексей Навальныйдын абалына байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн деп билдирди.
"Коммерсант" гезити: Украинанын газ компаниясы Нафтогаздын жетекчиси Андрей Коболев, Украинанын (Россия тарабынан курулушу улагып жаткан) Түндүк Агым-2 жаратылыш газ куурунун (бардык санкцияларга карабастан) бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө даяр экендигин маалымдады.
Ведомости: Россиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова Россияда коронавируска каршы тобу менен иммунитетке ээ болуу август айында пайда болот деп божомолдоду.
El Mundo: (Испания) Испанияда рэпчи Пабло Хаселдин камалышына каршы өткөрүлгөн демонстрациялар учурундагы зомбулук, социалдык тармактарда топтолгон жаштар дем алыш күндөрү Каталония аймагына барганда күч алды.
TeleSur: Перунун прокуратурасы, экс президент Альберто Фухимориге жана мурунку үч саламаттыкты сактоо министрине карата айыптоолорду жана даттанууларды соттун алдында расмийлештирди.