Дүйнөлүк басма сөз 25.02.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Soir: Кечээ Бельгиянын жээктерине туристтер агылды: Мэрлер мунун "кабыл алынгыс" экенин билдиришти.
Le Monde: Ковид-19: (Жума сайын жүз адамдан бирөө ооруга чалдыккан) Франциянын Дюнкерк шаарында жана анын айланасында дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилет.
Le Figaro: Швейцария 1-марттан баштап Ковид-19 чараларынын алкагында жабылган дүкөндөр, музейлер жана спорттук жайлар менен бирге көптөгөн иш-чаралардын "этияттык менен" кайрадан ачыла тургандыгын жарыялады.
Deutsche Welle: Германиянын өкмөтү адамдар өзүнө өзү жасай алган Kovid-19 тесттине уруксат берди.
Spiegel: Германияда болжол менен 21 миллион адам коронавируска каршы тобокелдик тобуна кирет.
Ard: АКШнын Калифорния штатында коронавирустук мутациянын жаңы түрү аныкталды.
Эль Паис (Испания): Испаниянын Саламаттык сактоо министрлигинин "8-март" эскертүүсү – Өкмөт, Эл аралык аялдар күнүнө карата 500дөн ашуун кишинин Мадридге чогулушуна тыюу салды.
El Universal (Мексика): Американын Федералдык Тергөө Бюросу (ФБР) (абакта жаткан наркобарон Хоакин Гусмандын аялы) Эмма Коронелди "Синалоа картелин" башкарган деп айыптоодо.
La Tercera (Чили): Ковид-19га каршы иштелип чыккан Синофарм вакцинасы жакында 3- 17 жашка чейинки балдарга да берилиши мүмкүн.
Аль-Дустур (Иордания): Вашингтон, долбоордун көз карашынын алкагында палестиналыктарды колдоо боюнча милдеттенмесин тастыктоодо.
Аль-Кудс Аль-Араби: New York Times: Сирияда жакырчылык күчөп, аялдар чачтарын сатышууда... жана Сириянын президенти Башар Асад көйгөйдү телеканалдардагы тамак-аш программаларын жокко чыгаруу менен чечүүгө аракет кылууда.
ТАСС агенттиги: Россиянын мамлекеттик коргонуу өнөр жайы Ростех компаниясынын башкы жетекчиси Сергей Чемезов, Россиянын S-400 коргонуу системаларын Түркияга сатуусунун берки НАТО өлкөлөрүнүн коопсуздугуна зыян келтирбегенин айтты.
"Коммерсант" гезити: Армениянын Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Тирана Хачатран, премьер-министр Никол Пашиняндын Карабах согушунда колдонулган россиялык "Искандер" ракеталарынын ишке жарабаганын айткан сөздөрүн сындаганы үчүн кызматтан алынды.
"Известия" гезити: Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Россиянын долларга болгон көз карандылыгын азайтуу керек деди.